Ссылки доступа

Матаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга катыша албай калышы мүмкүн


Казакстан журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев жана анын уулу Асеттин жактоочулары 29-августта боло турган соттук жараянга даярданууга жетишпей калуулары мүмкүн. Себеби күн мурун Сейтказы Матаевдин кан басымы көтөрүлүп, соттон аны түз эле тез жардам унаасы менен ооруканага алып кетишкен. Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочулары билдиришти.

Адвокаттардын айтымында, Матаев жакынкы беш күн аралыгында интенсивдүү терапиядан өтөт. Андан соң аны жалпы палатага которуу маселеси каралат. Кийинки соттук отурумга аз убакыт калгандыгына байланыштуу ал ооруканадан чыкса дагы даярданууга жетишпей калуусу мүмкүн.

“Адил сөз” уюмунун президенти Тамара Калеева Сейтказы Матаевдин ден соолукту коргоо укугу бузулганын билдирди. “ Таң эрте тергөөчүлөр аны сотко алып келүүгө аракет жасашты. Дарыгерлер консилиум чогултуп, ал жатып интенсивдүү дарыланышы керектигин айтышкан”,—деди ал.

Сейтказы Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана салык төлөөдөн качкан деген шек менен 22-февралда кармалган. Кийинчерээк баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 28-мартта анын уулу – КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев дагы үй камагына алынган. Экөө тең дооматтарды четке кагууда. Бир катар укук коргоочу уюмдар Матаевди бошотууну талап кылып, ишин журналисттик ишмердигине байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG