Ссылки доступа

Кара-Кеченин жумушчулары алты айлык маянасын талап кылып митингге чыгышты


25-августта Нарын облусунун Жумгал районунда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын 70ке чукул жумушчусу митингге чыкты. Алар 2016-жылдын февралынан берки маяналарын берүүнү жана ишкананын директорунун милдетин аткаруучу Талант Бокошевди кызматтан алууну талап кылышты.

«Кыргызкөмүрдүн» аймактагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Аят Сансызбаев ишкана жумушчуларга айлык берүүдө чынында эле 6 миллион сом карыз болуп калганын ырастады.

Анын айтымында, 2014-жылы 126 тонна, 2015-жылы 230 тонна көмүр казылган, быйыл болсо топурак гана алынып, көмүр казыла элек.

Митингдин катышуучулары менен район акими жолугуп, жумушчулардын талаптарын тиешелүү органдарга жеткирүүнү убадалады.

XS
SM
MD
LG