Ссылки доступа

Тажикстанда мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга айыпталып жактоочу кармалды


Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын төрага орун басарынын жактоочусу Жамшед Ёров кармалды. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Адвокаттын карындашы Хосият Ёрова «Азаттыктын» тажик кызматына билдиргендей, 22-августта агасы жоголуп кеткен, бирок эртеси ал телефон чалып, Башкы прокуратурада экенин жана Дүйшөнбү ИИБсинин тергөө абагына которгону жаткандыктарын билдирген.

Хосият Ёрованын айтымында, андан сырткары Жамшед Жогорку соттун Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнө карата чыгарган өкүмүнүн көчүрмөсүн үчүнчү тараптарга берип жиберүүгө айыпталып жатканын айткан. Ал жараян жабык эшик артында өткөн. Башкы прокуратурадан бул боюнча комментарий беришкен жок.

Бирок Хосият Ёрова агасынын сөзүнө таянуу менен Жамшедге Кылмыш кодексинин 311 беренеси (Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу) боюнча айып тагылганын билдирүүдө. Анын айтымында, агасы Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсүнүн үстүнөн өткөн сот жараянында Махмадали Хаиттин гана кызыкчылыктарын коргогон. Анын колунда Жогорку соттун өкүмүнүн көчүрмөсү болгон эмес.

Жамшед улуттар, расалык, жердештик жана диний аралык кастыкты козутууга, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү чакырыктарын жасоого жана алдамчылыкка айыпталып жаткан башка жактоочу Бузургмехр Ёровдун бир тууганы.

XS
SM
MD
LG