Ссылки доступа

Орусия аскерлердин согуштук даярдыктарын күтүүсүз текшерерин жарыялады


Орусия президенти Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн согуштук даярдыгын күтүүсүз текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Тешкерүү 25инен 31-августтка чейин болот жана Түштүк, Батыш, Борбордук аскер округдарын, Түндүк флотун ошондой эле аскердик-космикалык күчтөр менен аскердик-десанттык күчтөрдүн башкы командачылыктарын камтыйт.

Шойгунун айтымында, Түштүк аскер округунун кризистик учурларды жөнгө салуудагы даярдыгы сындан өтөт. Мындан тышкары Батыш жана Борбордук аскер округдарынын түштүк-батыштагы стратегиялык багыттарга карата мүмкүнчүлүктөрүнө баа берилет.

Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы жаңжалдын башталышы менен Орусия армияда күтүүсүз, ири текшерүүлөрдү жана аскер машыгууларын өткөрүүдө. Бул өңдүү аракеттерден кийин Украина бийлиги чек арада орусиялык аскерлердин саны көбөйгөнүн жана Донбасстагы кырдаал курчуганын билдирүүдө. Батыш өлкөлөрү Орусиянын көп сандаган аскердик окууларына кабатыр экенин бир нече сапар айткан.

Орусия армиясындагы акыркы күтүүсүз текшерүү июдун ортосунда болгон.

XS
SM
MD
LG