Өзбекстанда Мухитдинов мекендешинин ишенимине кирип, анын унаасын ижарага алуу боюнча келишим түзүп, бирок анын шарттарын аткарбастан транспорт каражатына ээ болуп калган деп айыпталууда.
Материалда жазылгандай, кийин автоунааны кайрадан каттатуу шылтоосу менен жабырлануучдан 10 миң АКШ доллар алган. Бир айдан соң дагы бир мекендешинен 6 миң доллар карызга алып, кайра кайтарып берген эмес.
«2016-жылдын февралында Мухитдинов Москва полициясы тарабынан кармалган. Москванын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн экстрадициялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Орусиянын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү чечимин кабыл алды», – деп жазылган билдирүүдө.