Ссылки доступа

Кабулда университетке кол салуудан 13 киши каза болду


Кабулда Ооганстандын Америка университетине кол салуу болуп, 13 киши каза тапты, алардын жетөө студент. Дагы 30дан кем эмес студент менен бир нече полиция кызматкери жаракат алышты. Кол салган эки адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме кылып Би-Би-Си билдирүүдө.

Кол салуу шаршембиде болгон. Алгач университеттин кампусунда катуу жарылуу болуп, андан соң ок атуулар башталган. Студенттердин басымдуу бөлүгү өз бөлмөлөрүнө жашырынып калышкан. Көпчүлүгү жардамга чакырышып, соцтүйүндөргө жазып, СМСтерди жөнөтүшкөн.

Имаратты кол салгандардан бошотуу операциясы 10 саатка жакын убакытка созулду.

Бийликтин болжолдуу маалыматтары боюнча, куралдуу кол салуу жасагандардын курамында жанкечтилер да болушкан. Азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ооганстандын Америка университети 2006-жылдан бери иштейт. Бүгүнкү күндө анда миңден ашык студент билим алат. Университеттин имаратынын жанында өлкөнүн Башкы прокуратурасы менен парламенти да жайгашкан.

XS
SM
MD
LG