Тажикистан президенти укук коргоо органдарынан кылмыштуулуктун денгээлин төмөндөтүүнү, анын ичинде жарандардын экстремисттик жана террористтик уюмдарга кошулуусунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылды.
Тажик жаштарынын Сирия, Ирак жана коңшу Ооганстандагы согуштарга катышуусу Дүйшөмбү бийлигин катуу убайымга салууда.
Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандын 1100дөй жараны “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен. Алардын ичинен 300 алам Жакынкы Чыгыштагы салгылашууда курман болгону айтылат. Бийлик мындай көрүнүш өлкө коопсуздугу үчүн коркунучтуу экенин билдирүүдө.