АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Женевага келишти. Бул жерде Сирия маселеси талкууланат.
Вашингтон жана Москва жолугушууда башкы тема – Сириядагы аскердик аракеттерди координациялоо боюнча акыркы макулдашууга жетишүү болорун билдирүүдө.
АКШ куралдуу оппозицияны, Орусия президент Башар Асаддын режимин кубаттап келет.