Ссылки доступа

ТИМ Өзбекстанда кармалып турган төрт жаранды бошотуу аракетин көрүүдө


Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги 23-августта кармалган "Кербен" радиорелейлик станциянын кызматкерлери Абдумиталип Урманов, Урмат Бердалиев, Жеңиш Ташматов жана Нурбек Усупбаевди бошотуу аракетин көрүүдө.

Ушул тапта эки өлкөнүн дипломаттары ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Чек ара кызматы азырынча бул төрт жаран тууралуу эч кандай маалымат боло электигин билдирүүдө.

22-августта Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чактыдай милиция кызматкерин жайгаштырган. Расмий Ташкент Бишкектен Ала-Букада кармалып турган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, Орто-Токой суу сактагычтын жака белиндеги кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган.

Кыргызстан кошунасынын Аксыдагы Үңкүр-Тоодогу тактала элек жерге күч органдарынын өкүлдөрүн кирип келгени тууралуу түшүндүрмө сураган. Кармалып турган өзбек милициясы бошотулганы менен Үңкүр-Тоодогу коңшулардын милициялары кете элек. Ал жакта иштеген төрт кыргыз жараны Өзбекстандын райондук ички иштер бөлүмүндө камалып турат.

XS
SM
MD
LG