Ссылки доступа

Жарандык активист Наталья Уласик Караганда тергөө абагында отурат


Жезказган шаарында кармалган жарандык активист Наталья Уласик Караганданын тергөө абагында отурат. Аны качан Алматыга которушары белгисиз.

Буга чейин интернетте аны психиатриялык экспертизадан өткөрүү үчүн Алматыга которушары маалымдалган.

Укук коргоочу Евгений Жовтис активистке карата совет доорунан калган “жазалоо психиатриясы” колдонулушу мүмкүн экендигин божомолдогон.

Социалдык түйүндөрдө бийликке карата сынчыл пикирлерди жазып, белгилүү болгон Наталья Уласик 22-августта камалган.

XS
SM
MD
LG