Ссылки доступа

Казакстанда "жер тилкесин басып алган" жүздөгөн жаранга айыппул салынды


Кызылордо облусунун прокуратурасы жарандар 800дөн ашуун жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алганын жарыялады. Көзөмөл органдын кечээ таркаткан билдирүүсүнө ылайык, мыйзамсыз турак-жай куруп баштаган 496 адамдын тек-жайы аныкталды.

Бир айда эле 381 жергиликтүү жаран “мамлекеттик менчик укугун” бузгандыгы үчүн 57 миллион теңге (168 миң доллардан ашык) айыппулга жыгылды.

Өткөн айдын башында Кызылордо облусунун акимчилиги 6500дөн ашуун жаранга жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп бергенин билдирген. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча Кызылордодо 42 миңдей жаран жер тилкесин алуу үчүн кезекте турат.

Прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, пайдубалы түптөлгөн курулуштарга мыйзам нормаларын түшүндүргөн плакаттар илинди. Мамлекеттин менчигиндеги жер тилкелерин жергиликтүү аткаруу органдарынын уруксаты жок ээлегенге жол берилбейт.

XS
SM
MD
LG