Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө Борбор Азиядагы сейсмикалык коопсуздук маселеси талкууланууда


Дүйшөмбүдө «Борбордук Азиядагы сейсмикалык коопсуздук» аталышындагы Эл аралык илимий форум өз ишин баштады. Ага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн барган 30дан ашуун окумуштуу катышууда.

Форумда жергиликтүү окумуштуулар аймактагы сейсмикалык коркунуч жана өлкөдөгү суу сактагычтардын жер силкинүүлөргө туруктуулугу жөнүндөгү көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен тааныштырат. Бул жөнүндө «Азаттыктын» тажик кызматына Тажикстан Илимдер академиясынын президенти Фарход Рахими билдирди.

Андан сырткары иш-чарада тоолуу аймактардагы ГЭС плотиналарынын сейсмикалык коопсуздугу, Борбор Азия өлкөлөрүндө сейсмикалык мониторинг жүргүзүү, коңшу өлкөлөрдөгү жер титирөө коркунучтарын жоюу үчүн жалпы күчтөрдү бириктирүү, аймакта бирдиктүү сейсмикалык көзөмөл системасын түзүү мүмкүндүктөрү жана сейсмикалык кооптуулук көйгөйлөрүн чечүү үчүн эл аралык донорлорду тартуу маселелери талкууланат. Соңунда катышуучулар биргелешкен билдирүү кабыл алары күтүлүүдө.

Форум Тажикстан Рогун ГЭСин куруу маселесинде дарыянын төмөнкү агымындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн каршылыгына туш болуп жаткан маалда өтүүдө. Өзбекстандын сейсмологдору Рогун ГЭСи аймактагы сейсмикалык кооптуу жерде курулуп жатканын жана ал бүтүндөй аймак үчүн коркунуч жаратарын бир канча жолу билдиришкен. Бирок тажик окумуштуулары мындай маалыматтарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG