Ссылки доступа

Италиянын зилзаладан жабыркаган аймактарына чукул кырдаал киргизилди


Италия өкмөтү 250дөн кем эмес кишинин өмүрүн алып кеткен жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда чукул кырдаал режимин киргизди.

Бейшембиде өлкөнүн премьер-министри Маттео Ренци табият кырсыгы болгон аймактын жашоочулары үчүн каралган жардамдын алгачкысы катары 50 миллион евро бөлүнүп, салык жеңилдиктери берилгенин билдирди. Ренцинин айтымында, аймактагы зыянга учураган имараттар мамлекет тарабынан калыбына келтирилет. Бул тууралуу италиялык ANSA агенттиги билдирүүдө.

Шаршембиге караган түнү Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Силкинүү очогу Аматриче (Умбрия) шаарынын айланасында катталып, жалпысынан 250дөн кем эмес адам өлгөн. 215 киши куткарылып, 365и жаракат алган, дайынсыз жоголгондор менен урандылардын алдында калгандардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Миңдеген адамдар үй-жайсыз калышып, чатыр лагерлеринде же автоунааларда түнөп жатышат.

Күнү-түнү уланып жаткан куткаруу иштерине 6 миңге чукул киши катышууда. Зилзала 293 тарыхый-маданий мурастар объектисин зыянга учуратты.

XS
SM
MD
LG