Ссылки доступа

Өзбек президенти Ислам Каримов ооруканага түштү


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов “стационардык дарылануу” үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетинен кабарлашты. Мамлекетти 1989-жылдан бери башкарып келаткан 78 жаштагы Ислам Каримовдун саламаттыгына байланыштуу кабарды өзбек өкмөтү алгач ирет таратууда.

Расмий маалыматка ылайык, президенттин “толук медициналык кароодон өтүшү жана дарыланышы үчүн убакыт керек”. Мурдараак Каримов оор дартка чалдыкканы тууралуу имиштер чыккан. Бирок эмне оору экени так айтылган эмес.

Ислам Каримов жыл сайын Өзбекстандын эгемендик майрамына катышып келет.

Бул жылкы майрамга мамлекет башчынын катышаар-катышпасы азырынча белгисиз. Өзбекстанда 1-сентябрь - Эгемендик майрамы. Ага карата жылына 31-августтун кечинде Ташкендеги “Мустакиллик” аянтында ири концерт уюштурулат.

XS
SM
MD
LG