“Москвадагы өрттөн 14 жараныбыз каза тапты. Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан тогуз жараныбыз мерт кетти. Бул Кыргызстандын эли үчүн абдан оор жоготуу. Буга байланышуу Кыргыз Республикасынын аймагында 29-август аза күтүү күнү катары жарыяланат жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик желек түшүрүлөт” - деп жазылган жарлыкта.
Аза күтүү күнү өлкөнүн маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында көңүл ачуу программалары өткөрүлбөйт.
27-августта Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, андан 17 адам каза болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталды. Орусия ӨКМинин маалыматы боюнча, өрттүн келип чыгышына имараттын биринчи кабатындагы электр чырагынын жарактан чыкканы себеп болгон.