Ссылки доступа

Киевде орусиялык журналист Александр Щетининдин сөөгү табылды


Киевде жекшембиде орусиялык журналист, “Новый регион” агенттигинин негиздөөчү Александр Щетининдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, журналисттин сөөгү өзү жашаган батирде табылган.

Украиналык маалымат каражаттарынын жазышынча, Щетининдин сөөгүн аны туулган күнү менен куттуктоо үчүн барган достору табышкан. Ал башынан ок жеген. Жанында тапанча табылган.

Тергөөчүлөр журналист өзүн-өзү өлтүргөн деген версияны карашууда. Күн мурун Щетинин жакындарынын бирине өз жанына кол салуу ниети тууралуу жазылган электрондук кат жөнөткөн.

Щетинин “Новый регион” агенттигин 20 жыл мурун негиздеп, 2014-жылдын февралына чейин башкы редакторлукту аркалаган. Орус бийлигин тынымсыз сынга алганына байланыштуу бийликтин басымына кабылып, агенттиктин жетекчилигинен кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG