Укук коргоочулар түрк аскерлеринин Жеб эль-Кусса кыштагына жасаган артиллериялык аткылоолорунун жыйынтыгында кеминде 20 жашоочу каза болуп, 50 чамалуусу жаракат алганын билдиришүүдө.
Түрк аскерлеринин эсеби боюнча каршы тараптын жоготуулары 25 кишини түзгөн. NTV түрк телеканалынын билдиришинче, түрк артиллериясы менен аба күчтөрү «Элдик коргонуу отрядынын» позицияларына сокку урушту. АКШ ал күрт түзүмдөрүн «жихадчыларга каршы натыйжалуу күрөшүүчүлөр» деп эсептегени менен Түркияда алар «террористтик» топ деп таанылган.