Ссылки доступа

Тажикстанда диний партия лидерлеринин экинчи жактоочусу да камалды


Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын төрага орун басары Махмадали Хаиттин  жактоочусу Бузургмехр Ёров эки айга камакка алынды. Бул аралык ичинде иликтөө жүрүзүлөрүн анын туугандары билдирди.

Адвокаттын камалары жөнүндөгү чечим өткөн жума күнү эле чыккан. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдары ага карата тагылган айыптарды угуза элек.

Жамшеддин эжеси Хосият Ёрованын айтымында, инисине карата Кылмыш кодексинин 311-беренесинин 1-бөлүмү боюнча иш козголду. Ага ылайык, жаза иретинде үч жылга эркинен ажыратуу жана белгилүү бир мөөнөткө чейин кесиби менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Эгер анын аракети оор натыйжаларга алып келсе, мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга айыпталып жаткан жактоочу беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жамшед улуттар, расалык, жердештик жана диний аралык кастыкты козутууга, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү чакырыктарын жасоого жана алдамчылыкка айыпталып жаткан башка жактоочу Бузургмехр Ёровдун бир тууганы.

XS
SM
MD
LG