Ссылки доступа

Казакстандын транспорт системасы донорлордун эсебинен жаңыланат


Азия өнүктүрүү банкы «транспорт системасын жаңылоого көмөктөшүү үчүн» Казакстанга 240,3 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланган билдирүүдө жазылган.

Долбоордун алкагында өлкөнүн батыш бөлүгүндөгү талкаланган Актөбө — Макат унаа жолун калыбына келтирүү пландалууда. Ал жол Казакстанды батышынан Азербайжан жана Европа, түндүгүнөн Орусия жана түштүгүнөн Түркмөнстан менен бириктирген Транскаспий транзиттик коридордун бир бөлүгү болуп эсептелет.

«Ошондой эле «жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана натыйжалуу логистика үчүн» заманбап транспорттук-маалыматтык системаны киргизүү пландалууда», - деп жазылган АӨБдүн билдирүүсүндө.

Долбоордун аркасы менен Астана, Актөбө жана Атырау шаарларынын ортосунда, ошондой эле өлкөдөгү жападан жалгыз эл аралык деңиз соода порту эсептелген Актау шаары менен транспорт байланышы орнотулат.

АӨБдүн билдирүүсүндө Казакстандагы азыркы инфрастуктуралык чектөөлөр бир топ убакыт коротууларга жана транспорттук чыгымдарга алып келип, чет өлкөлүк базарларга чыгууга тоскоолдук кылары белгиленген. Жакшыртылган транспорттук байланыш Казакстандын Чыгыш Азия базарлары, Каспий деңизинин аймагы, андан ары Европа менен соода байланыштардын көбөйүүсүнө жардам берет.

XS
SM
MD
LG