Ссылки доступа

Германия, Франция, Польша Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууда болгон аракетти жумшоого үндөйт


Украинадагы чыңалууну азайтуу үчүн эл аралык денгээлде болгон аракет көрүү зарылдыгына Германия, Франция жана Польшанын ТИМ башчылары макул болушту. Бул тууралуу Германиянын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Франк-Вальтер Штайнмайер 28-августта Франция жана Польшадан келген кесиптештери менен жолугушуудан кийин айтты. Иш-чара Веймарде өттү.

Штайнмайердин айтымында, Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн түзүлгөн Минск келишиминин аткаруу боюнча олуттуу жылыштар жок. “Биз абалды жайгаруунун үстүндө иштешибиз керек”,-деди ал.

Чиновник Минск келишиминин бардык бөлүмдөрүнүн аткарылышы, анын ичинен Донбасстын аймагында жергиликтүү шайлоо өткөрүү боюнча Москва жана Киев менен сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.

Украинанын чыгышындагы жаңжал 2014-жылдын апрелинен бери уланып келет. Украина бийлиги Орусия колдогон жикчилдерге каршы антитеррордук операция жарыялаган.

Орусия болсо кагылышууларга тиешеси жок экенин айтып келет. Ошол эле маалда Москва Донбасста орусиялык “ыктыярчылардын” жүргөнүн четке какпайт. БУУнун маалыматы боюнча жаңжал башталгандан бери Украина чыгышында 9,4 миң адам өлгөн, 21 миңден ашууну жаракат алган.

XS
SM
MD
LG