Ссылки доступа

Тегеран ядролук объектисинин коргоо үчүн С-300 системасын жайгаштырды


Иран бийлиги Фордо аймагындагы ядролук объектисин коргоо үчүн ал жерге орусиялык өндүрүштөгү алыскы радиустагы жаңы ракета системасын жайгаштырганын билдирди.

Өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Фарзад Эсмаили мамлекеттик телеканалдан сүйлөп жатып кандай гана шарт болбосун, ядролук объектилерин коргоо Иран үчүн эң маанилүү маселе экенин айтты. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Ирандын аба мейкиндиги аймак боюнча эң коопсуз экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу Фордого жакын жерге коюлган Орусия чыгарган алыскы радиустагы С-300 ракеталык системалар көрсөтүлдү. Андан бир канча саат мурда Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи куралдуу күчтөрдүн башчыларына кайрылып, "аскерий камылга коргонуу максатын гана көздөшү керек" деп талап койгон болчу.

"С-300 системасы - кол салуучу эмес, коргонуу системасы, бирок америкалыктар Ирандын ага жетпей калышы үчүн болгон аракетин жасашты", — деди Хаменеи.

Фордо Кум шаарынан алыс эмес тоо аймагында жайгашкан. Быйыл январь айынан тарта ал жайда Иран менен алты дүйнөлүк держава ортосундагы тарыхый макулдашуунун шарттарын аткаруу үчүн уранды байытуу иши токтотулушу керек болчу. Ал келишим менен Тегеран өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялардын алынышы үчүн өзүнүн карама-каршылыктуу өзөктүк программасын токтоткон.

XS
SM
MD
LG