Тажикстан бийлиги кабарлагандай, кыян “Петр биринчи” мөңгүсүнүн бир бөлүгү жарылып кеткендиктен пайда болгон. Атайын комиссия табият кырсыгынын кесепеттерин эсептөөдө.
Тажикстан ӨКМинин билдиришинче, мөңгү жарылып кеткенден кийин Шурак өзөнүндөгү суунун денгээли көтөрүлүп, эки айылды байланыштырып турган көпүрө талкаланган. Учурда жергиликтүү тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө.