Ссылки доступа

Украинадагы жаңжалды көркөмдөп тарткан сүрөтчү иштен айдалды


Украинанын коргоо министри Степан Полторак өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси, ыктыярчы жана сүрөтчү Дмитрий Муравскийди жумуштан бошотту. Мындай чечим кабыл алууга анын сүрөттөрүнөн улам келип чыккан чатак себеп болду.

"Орусиялык агрессияга каршы согушта, анын ичинде орусиялык пропагандага каршы күрөшүүдө Украина ар дайым компромиссиз чындык жана ачык-айкындуулук принцибин карманат”-деп айтылат министрликтин расмий билдирүүсүндө.

Сүрөтчүнүн айланасындагы жаңжал анын “Широкинодогу элдешүү” аттуу эмгеги украиналык социалдык түйүндөрдө вирус сымал тарагандан кийин пайда болду. Сүрөттө бутун кокустатып алган жолдошун көтөрүп, жарылуудан качып бара жаткан эки жоокер чагылдырылган. Алардын сол ыптасында кароосуз калган наристенин арабасы тартылган.

18 украин сүрөтчүсүнөн турган топ бул эмгек чыныгы жагдайда тартылганынан шектенип, жасалма катары кабыл алышкан. Алар автор сүрөт даректүүбү же көркөмдөлүп чагылдырылганбы ачык көрсөтүшү керек деп талап кылышууда.






XS
SM
MD
LG