Ссылки доступа

Тажикстан мектептери окутуунун батыш моделине өтөт


Жаңы окуу жылынан тарта тажик мектептери жаңы окутуу ыкмасына өтөт.

Мугалимдер жайкы эс алуу маалында сынчыл ой жүгүртүүгө басым жасаган инновациялык ыкманы ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн даярдоо курстарынан өтүштү.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, Батышта өтө популярдуу болгон бул ыкма “Компетенттүү билим берүү” деп аталат. Жаңы усулду психолог жана педогог Бенджамин Блум иштеп чыккан. Методиканын авторунун пикиринде, окуу үчүн жагымдуу шарт түзүү менен билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет жана аны андан ары өнүктүрүүгө умтулуу пайда болот.

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептерин иштеп чыкты. Демилгечилердин айтымында, жаңы усул сабакты кабыл алууга жана түшүнүүгө багытталган.

Тажикстанда өткөн жылы жаңы методика өлкөнүн 55 мектебине киргизилген. Ийгиликтүү натыйжалар дароо байкалган соң, аны башка окуу жайлар үчүн дагы колдонуу чечими кабыл алынган. Бара-бара инновациялык моделди Тажикстандын жогорку класстарына дагы киргизүүнү көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG