Ссылки доступа

АКШ Орусияны Ильми Умеровду бошотууга чакырууда


АКШ Мамдепартаменти Орусияны саламаттыгынын начарлаганына карабастан эки жумадан бери психиатралык ооруканада кармалып турган крым-татар элинин межилис башчысынын орун басары Ильми Умеровду бошотууга чакырды.

18-августта экспертизадан өткөрүү үчүн Умеровду Симферополдогу оорукананын кардиология бөлүмүнөн күчтөп психатриалык клиникага которушкан.

"Диссиденттерди психиатралык ооруканада кармоо тажрыйбасы бизди өтө тынчсыздантууда", - деп билдирди АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жон Кирби.

Аннексияланган Крымдын бийлиги 59 жаштагы Ильми Умеровду сепаратизм чакырыктарын жасаган деп айыптап жатат. Ал теле аркылуу "Орусияны Крым менен Донбасстан чыгып кетүүгө мажбурлоо керек" деп билдирген.

Буга чейин крымдык татар саясатчыны бошотууну Европа биримдиги, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жана украин парламенти талап кылган болчу.

XS
SM
MD
LG