Күн мурун ТАСС агенттиги орусиялык 33 паралимпиадачы, алардын ичинде алты жеңил атлетчи Эл аралык паралимпиада комитетине билдирме жөнөткөнүн билдирген.
7-августта Эл аралык паралимпиада комитети Орусия спортундагы допинг чырынан улам орусиялык спортчуларды Риодогу оюндарга катыштырбоо чечимин кабыл алган. Ал боюнча Орусиянын паралимпиада комитети Лозанндагы спорттук арбитраждык сотко (CAS) кайрылган, бирок ал апелляциялык катты кабыл алган эмес. Андан соң орусиялык укук коргоочулар Эл аралык паралимпиада комитетин 200дөн ашык орусиялык спортчунун укуктарын бузууга айыпташкан.