Ошол эле маалда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар менен элдик сейилдөөлөр 1-сентябрда республиканын бардык райондорунда өтөт.
27-августта Өзбекстандын министрлер кабинети 78 жаштагы президент Ислам Каримов ооруканага жаткырылганын билдирген. 29-августта анын кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева социалдык түйүндөргө атасынын мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөнүн жазган.