Ссылки доступа

Казакстанда мугалим жарандык позициясын сот аркылуу коргоодо


Айылдык орто мектеп мугалими Айман Сагидуллаева аны бир канча жолу жазалаган директору Бекжан Нусипбековго каршы доо арыз жазган. Учурда иш райондук сотто каралууда.

Сагидуллаева «жарандык активдүүлүнө басым жасоолор болуп, «иши аксакалдар кеңешинин мыйзамсыз жыйынында каралганына» даттанууда. Айтымында, анын «жүрүш-турушу» аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан каралып, алардын сунуштарынын негизинде ага мектеп директору тарабынан сөгүш жарыяланган.

Сотто аксакалдар кеңешинин төрагасы Асылбек Кожанов Айман ишембиликтерди өткөрүүгө, концертке билет сатып алуу үчүн акча чогултууга каршы болгонун айтты. «Ишембиликтер тазалык үчүн керек. Биз мектеп ишембиликтерди канча жолу өткөрүү керектигин өзү билерин айттык. Андан кийин Айман бир канча жолу жыйындан чыгып кетип, даттануу үчүн кимдир-бирөөнө телефон чалган. Биз анын андай кылыгын адепсиздик катары түшүндүк», - деди ал.

Доочу Айман Сагидуллаева мугалимдер аксакалдар кеңешинин жыйындарына катышууга милдеттүү эмес экенин жана анын негизинде эскертүү берүү мыйзамсыз болгонун билдирди. Ал мектеп директору беш күндүн ичинде ага карата айыптоо мүнөзүндөгү он актыны кабыл алганын белгиледи.

Айман Сагидуллаеванын ишенимдүү өкүлү мугалим жер тилкелерин чет өлкөлүктөргө сатууга жана ижарага берүүгө каршы болуу чакырыгын колдогондугу үчүн куугунтукка кабылып жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG