Ссылки доступа

АКШ мурдагы тажик полковниги жөнүндө маалымат үчүн үч миллион доллар убада кылды (видео)


АКШ "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен тажикстандык мурдагы күч кызматкери Гүлмурод Халимов тууралуу маалымат бергендерге 3 миллион доллар сыйлык берүүгө даяр. Бул тууралуу тажик журналисттерине АКШ мамлекеттик катчысынын орун басарынын жардамчысы Курт Райс билдирди.

«Сыйлык Мамдепартаменттин Дипломатиялык коопсуздук бюросу ишке ашырып жаткан «Адилеттүүлүк үчүн сыйлыктар» программасынын алкагында берилет. Маалыматка ээ адамдар АКШнын жакынкы элчилигине кайрылып, же Американын дипломатиялык түзүмдөрүнүн электрондук почтасына кат жөнөтө алат», - деди ал.

Райстын айтымында, Тажикстан ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы полковниги согуштук көзгөатар болгон жана 2003-2014-жылдар аралыгында террорчулукка каршы күрөшүү ыкмасы боюнча америкалык машыгуу борборлорунда даярдыктан өткөн.

Гүлмурод Халимов 2014-жылдын апрелинин аягында жоголуп кетип, бир айдан соң Сирияда экенин билдирген. Видеокайрылуусунда ал динге ишенгендердин сыйынуу жана диний кийимдерди кийүү укуктары бузулган ИИМдин иштөө ыкмаларына нааразы болгонунан улам «Ислам мамлекетинин» катарына кошулганын айткан.

США гтовы заплатить $3 млн за помощь в поимке Гулмурода Халимова
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00

XS
SM
MD
LG