Ссылки доступа

Алепподо исламчылардын ири идеологдорунун бири өлтүрүлдү


Сириянын Алеппо шаарында «Ислам мамлекетинин» ири идеологдорунун бири өлтүрүлдү. Бул тууралуу исламчылардын интернеттеги активдүүлүгүн изилдөө менен алектенген эл аралык SITE уюму билдирди.

АКШ Коргоо министрлигинин билдирүүсү боюнча шейшемби күнү эл аралык коалиция күчтөрү Эль-Баб шаарынын аймагындагы аль-Аданиге багытталган аба соккуларын жасаган. Учурда соккулардын жыйынтыктарын анализдөө улантылууда.

Абу Мохаммед аль-Аднани топтун ири талаа командирлеринин бири болгон жана басма сөз катчынын ролунда иш жүргүзгөн. Ал жихадчыларга батыш өлкөлөрүндө жалгыздап теракттарды уюштуруу чакырыктарын көп айтып келген.

Августта америкалык учкучсуз учактар тарабынан «Ислам мамлекетинин» Ооганстан менен Пакистандагы башчысы өлтүрүлгөн. Ошондой эле ага чейин Сирияда уюм башчысынын жакын кеңешчиси Абу Умар аш-Шишани да жок кылынган.

XS
SM
MD
LG