Ссылки доступа

Кыргызстан эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөдө


Эгемендүүлүк майрамына карата бүгүн борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында аскер парады өттү. Анда 1,5 миңден ашуун аскерлер, аскердик техникалар жана авиация көрсөтүлдү. Ушундай эле аскер парады түштүк борбору Ош шаарында да болду.

Өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык оюн-зооктор жүрүп жатат. "Аккула" ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулат. Кечинде эстрада ырчыларынын концерти менен фейерверктер салтанатты жыйынтыктайт.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан кулаган. 2005-жылы анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан куулган.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчылыгына шайланган. Бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG