Ссылки доступа

Орусиядагы тажик небересинин ысымын Путин кылып өзгөрттү


Тажикстандан Орусияга келген жаран эки жаштагы небереси Расулдун ысымын Путин кылып өзгөрттү. Ал аталган өлкөнүн президентин абдан жактаган адам.

Орусияда 18 жылдан бери жашаган 70 жаштагы тажик мугалими Рахмон Жураев гезиттен Египет жараны уулуна Путиндин ысымын бергенин окуган. “Анан мен неберемдин атын Путин деп атайын деп ойлонуп калдым. Неберем Орусия президентине өтө окшош”,-деди Жураев.

Анын небереси ата-энеси менен бирге Александров шаарында жашайт. Азыр алар баланын күбөлүгүн өзгөртүү үчүн арыз менен жарандык абалды каттоо мекемесине кайрылышты. “Неберемдин аты Жахонгир, мааниси аскер башчы дегенди түшүндүрөт. Эми аны Жураев Путин Жахонгирович деп чакырабыз”,-деп жылмайды Рахмон Жураев.

Жураевдердин үй-бүлөсү баласынын ысымын алмаштыруу үчүн тиешелүү органдарга кайрылгандан кийин орусиялык ММКлар бул темага кызыгып калышты. Үч телеканал чоң ата менен небереден маек алуу үчүн кабарчыларын жөнөттү.

Жураев Путинди өтө жактай турганын жашырбайт. Анын пикиринде, ал дүйнөдөгү эң адилеттүү президент. Тажик мугалими 12 жыл мурун Путиндин музейин уюуштуруп, үйдүн дубалдарына президенттин айткан сөздөрүнөн үзүндүлөрдү илип чыккан. Путинге болгон сүйүүсүнүн айынан үй-бүлөсү менен бир убакта ажырашкан. Бирок ага карабай перезидентке болгон көз карашын өзгөрткөн эмес.

XS
SM
MD
LG