Ссылки доступа

Каримовдун кызы атасынын айыгуусун тилеген мекендештерине ыраазычылык билдирди


Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу атасына ден соолук каалаган элге ыраазычылык билдирди. Айтымында, алардын тилектери өлкө башчысына жардам берүүдө.

Ал Өзбекстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, президентти колдоп, тез сакайып кетүүсүн каалаган жакшы сөздөрү үчүн элге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Биз үчүн бул абдан маанилүү, силердин жүрөгүңөрдүн түпкүрүнөн чыккан сөздөр анын сакаюусуна жардам берүүдө деп ишенем! Силерге чоң рахмат!", - деп жазылган Лоланын билдирүүсүндө.

Ислам Каримовдун ооруканага жатканы тууралуу алгачкы билдирүүлөр өткөн жума соңунда пайда болгон. 29-августта президенттин кичүү кызы Лола Каримова социалдык түйүндөр аркылуу атасынын мээсине кан куюлуп, реанимацияга түшкөнүн жазган.

Президенттин саламаттыгы тууралуу расмий булактардан башка эч кандай маалыматтар жок. 30-сентябрда айрым басылмалар Ислам Каримовдун каза болгондугу тууралуу жазышкан. Бирок өлкөнүн президенттик аппараты бул кабарларды четке каккан.

XS
SM
MD
LG