Ссылки доступа

Орусия Сирияда химикат колдонулгандыгы тууралуу БУУнун баяндамасын тааныган жок


Орусия Сирия армиясы тарабынан химиялык курал колдонулганы жөнүндө фактыны таануудан баш тартты. Мындай маалымат БУУ жана Химиялык курал-жарактарга тыюу салуу уюмунун баяндамасында көрсөтүлгөн.

Документ шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланган. Орусиянын туруктуу өкүлү Виталий Чуркин баяндамада «эч кимдин ысымы жок экенин» билдирип, Сириядагы химиялык чабуулдарга жооптууларга карата санкцияларды киргизүү боюнча АКШ баш болгон башка өлкөлөрдүн талаптарын четке какты. Ошол эле маалда Чуркин «хлор колдонуу ыктымалдуулугун» жокко чыгарган жок.

Human Righs Watch эл аралык укук коргоо уюму Орусия өкүлүнүн сөздөрүн сынга алып, Москваны иштин Гаагадагы эл аралык сотко берилишине тоскоолдук кылууда деп айыптады.

Улуу Британия менен Франция Сирия өкмөтүнүн химиялык курал колдонуудагы күнөөсү далилденген деп эсептейт. Алар Сирия жетекчилигин аскердик кылмыш кылууга айыпташты.

24-августта БУУнун эксперттери Сирияда химиялык куралды «Ислам мамлекети» тобу менен сирия армиясы колдонгону жөнүндө баяндама жарыялаган. Анда 2015-жылдын декабрынан 2016-жылдын августуна чейин зарин, хлор газы сыяктуу химиялык заттарды колдонуу боюнча 130 факты көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG