Акүй атайын чалгындоо бөлүгүнө америкалык саясий уюмдардын компьютердик түйүндөрүнө орусиялык хакерлер чабуул жасаса, кесепеттери кандай болорун аныктоого буйрук берди. Бул тууралуу NBC телекомпаниясы кабарлайт
Иликтөөнү “кансыз согуш” маалында контрчалгындоо операцияларын жүргүзүү үчүн түзүлгөн кызмат аткарат. Ал АКШнын Улуттук чалындоо директоруна карайт. Америкалык саясий институттарга каршы кибероперацияларды жүргүзүүгө шектелген мамлекеттердин арасына Орусия, Кытай, Иран Түндүк Корея кирет.
Акыркы айларда чет өлкөлүк хакерлер тарабынан Демократиялык партиянын шайлоо штабына, Хиллари Клинтондун, бир нече өкмөттүк эмес иликтөө борборлорунун жана америкалык аткаминерлер менен тыгыз иштешкен кабарчылардын, эки шайлоо штатынын кеңешинин компьютерлерине чабуул жасалганы тууралуу маалыматтар тараган.
Расмий эмес маалыматтар боюнча америкалык атайын кызматтар бул чабуулдардын көпчүлүгүнүн аркасында орусиялык чалгындоо кызматынын тапшырмасы менен иштеген хакерлер турат деп эсептейт.