Ссылки доступа

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арачылары талаш жерлер боюнча сүйлөштү


24-29-августта эки өлкөнүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда  бир катар талаш жараткан аймактар жеринде иликтенди. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен протоколго кол коюлуп, кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тилкелерди иликтөө иштерин улантуу макулдашылды. Өзбек ТИМи Кыргызстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жакшы маанайда, конструктивдүү болгонун маалымдады.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин тоодон алып кете элек. Кармалган жарандар бошотула элек. Бул окуядан кийин чек арага байланышкан кыргыз-өзбек мамилеси курчуган болчу.

XS
SM
MD
LG