Ссылки доступа

Сейтказы Матаевдин өмүрү үчүн жубайы кооптонууда


Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жубайы башкы прокурор Жакип Асановго кайрылып, күйөөсүнүн өлүмүнө жол бербөөгө үндөөдө.

Онлайн жарыялаган билдирүүсүндө Баян Рамазанова Сейтказы Матаевдин өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирген.

«Менин жолдошум Сейтказы Матаевди жалган жерден уурулукка жана салык төлөөдөн качууга айыптап, тергөө жана соттук жараяндарды уюштуруунун башкы максаты – аны өлүмгө түртүүгө аракет жасоо деген бүтүмгө келүүгө аргасыз кылды», — дейт Рамазанова. Анын айтымында, айыптоолор жана эл алдындагы кодулоолор Сейтказы Матаев үчүн чоң стресс жаратып, саламаттыгына доо кетирди.

Сейтказы Матаев мамлекеттик каражатты кымырып алган жана салык төлөөдөн качкан деген шек менен 22-февралда кармалган. Кийинчерээк баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 28-мартта анын уулу – КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаев дагы үй камагына алынган. Экөө тең дооматтарды четке кагууда. Сот жараяны башталгандан бери Сейтказы Матаевдин ден соолугу начарлап, эки сапар ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG