Ссылки доступа

Бразилия сенаты Дилма Русефке импичмент жарыялады


Бразилиянын федералдык сенаты президент Дилма Русефке импичмент жарыялады. Бул тууралуу Guardian британ басылмасы билдирет.

Ачык добуш берүүгө Сенаттын 81 мүчөсү катышты. Алардын ичинен 61и Русефтин отставкасын колдоду. Мамлекет башчы кызматын эми 2018-жылга чейин вице-президент Мишел Темер аткарат.

Русеф 2011-жылдан 2016-жылга чейин президент болгон. Ал кызматынан 12-майда убактылуу четтетилген. Аны 2014-жылда өткөн президенттик шайлоодо өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн федералдык бюджеттин абалы тууралуу маалыматты бурмалоого жана жемкорлукка айыпташууда. Өлкөнүн мурдагы жетекчиси болсо күнөөлөрдү четке кагып, муну мамлекеттик төңкөрүш жасоо максатындагы кутум катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG