Рахмондун айтымында, саясий каатчылык, дүйнөнү бөлүштүрүүдөгү ири державалардын пикир келишпестиктери, диний согуштардын күчөшү жана көптөгөн ислам мамлекетиндеги жаңжалдар, үрөй учурган террордук актылар жер жүзүндөгү абалды ого бетер татаалдаштырды.
Тажикстан президенти терроризм жана экстремизмдин күчөшү менен миңдеген адам өлүп, көп өлкөлөр тынчтыкты унутуп, бейпайга түшкөнүн эскертти. Эмомали Рахмон өлкө али жарандык согуштун кесепеттерин унута электигин айтты. “Көз карандысыздыктын таңында ондогон бейкүнөө адамдар өлгөн. Өзгөчө Хатлон облусу жапа чеккен. Аймактын эли алигиче ошол апааттын зыянын тартып жатат”,-деди президент.
Эмомали Рахмон Тажикстандагы жарандык согушту Ислам кайра жаралуу партиясын кубаттаган айрым молдолор баштаганын баса белгиледи.