Ссылки доступа

Тереза Мэй: Британия ЕБден быйыл чыкпайт


Улуу Британия Европа биримдигинен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү быйыл баштабайт. Бул тууралуу шаршембиде өкмөт башчысы Тереза Мэй бирдиктүү Европанын курамынан чыгуу маселеси боюнча министрлер менен болгон алгачкы жолугушуусу маалында билдирди.

Мэй «Улуу Британия ЕБге жашыруун эшик аркылуу кирбей турганын» айтып, Европа биримдигинен чыгуу боюнча жаңы референдум өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарды. Анын айтымында, британдыктар Лондондун дүйнөлүк саясаттагы жаңы ролун аныктоодо ийгиликтерге жетет.

Британия Европа биримдигинин курамынан чыгарын июндагы референдумдан кийин билдирген. Анда добуш берүүгө катышкандардын 52 пайызы биримдиктен чыгууну колдогон. Брюссель Лондонду биримдиктен чыгуу жараянын тез аранын ичинде баштоого бир канча жолу чакырган. Жол-жоболорду тездетүү үчүн Мэй Брекситти британ парламенти менен макулдашпастан эле баштайт.

XS
SM
MD
LG