Ссылки доступа

Казакстанда ойношун өлтүрүүгө «буйрутма берген» мурдагы аким соттолду


Батыш-Казакстан облусундагы Теректи районунун мурдагы акими Женис Сериккалиев 11 жылга эркинен ажыратылды.

Андан сырткары мурда анын кол алдында иштеген Арман Кожамуратов (коммуналдык турак-жай чарбасынын райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы) менен Беймбет Исмагамбетовду (акимдин айдоочусу) адам өлтүрүүнү уюштуруу жана өлтүрүү үчүн кол салуу айыбы боюнча соттошту. Кожамуратовго карата 11, Исмагамбетовго 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Ошондой эле соттолгондордун ар бири моралдык чыгым катары жабырлануучуга миллион теңгеден төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Айыптоонун пикири боюнча, ушул жылдын февралында Сериккалиев ойношу делинип жаткан Кристина Салимгирееваны өлтүрүүгө «буйрутма» берген. Болжолдуу түрдө аял чиновниктен кызынын атасы экенин таанып, аны материалдык жактан камсыздоосун талап кылып, андай болбосо акимдин беделин кетирчү маалыматты ачыкка чыгарарын айтып коркуткан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, аялды Кожомуратов менен Исмагамбетов өлтүрүүгө аракет кылышкан. Иштин материалдары боюнча алар ушул жылдын 23-февралында аялды үйүнүн алдынан тосуп алышып, Исмагамбетов ага он чакты жолу бычак сайган. Бирок Салимгиреева аман калып, полицияга кайрылган.

XS
SM
MD
LG