Ссылки доступа

Кулябда президенттик резиденциянын курулушу аяктоодо


Куляб шаарында президенттик резиденциянын курулушу дээрлик аяктап калды. 25 гектар аянтка салынып жаткан объект пайдаланууга сентябрдын аягында берилет.

Куляб мэринин орун басары Пулод Хафизов резиденциянын курулушу былтыр башталып, учурда анда жергиликтүү 200 жумушчу иштеп жатканын билдирди. Айтымында, анын аймагында гүлдөп турган бактар, меймандарды кабыл алуу залы бар, учурда жумушчулар бассейн куруу менен алек. Ал курулуш иштерине кеткен сумманы айткан жок, бирок Куляб акимчилигинин бюджетиндеги акчага курулганын белгиледи.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун резиденциялары менен дачалары өлкөнүн бир канча шаары менен райондорунда бар, анда өлкө башчысы чет өлкөлүк меймандарды кабыл алат. Алардын эң белгилүүсү – кооз Варзоб капчыгайындагы «Пугус»резиденциясы, учурда анда имараттын кошумча кабатын куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Кулябдын айрым жашоочулары аймак жумушчу орундардын түзүлүшү менен өнөр жай ишканаларынын ачылышына көбүрөөк муктаж экенин, бирок президенттик резиденциянын курулушунун да элге пайдасы бар экенин, анткени анын айланасындагы жолдор оңдолорун айтып жатышат.

200 миң калкы бар Куляб Тажикстандын үчүнчү ири шаары болуп эсептелет, бирок башкаларына салыштырмалуу анда экономикалык өнүгүү анча байкалбайт.

XS
SM
MD
LG