– Улугбек обсерваториясынан тарта «Сиёб» базарына чейин жолдордун бардыгы жабылган, ал жакка ошол аймакта жашагандарды гана өткөрүп жатышат. Премьер-министр да ошол жерде жүрөт, – деп билдирди расмий булак.
Күбөлөр Шахи Зинда мавзолейинин жанынан кыштарды ташып бараткан жүк унааларын көргөндүктөрүн айтып жатышат. Алар Гури-Амирдин күмбөзүнүн жанында да байкалган.
Кеч кирип калганына карабастан миңдеген көчө шыпыруучулар Регистан аянтынан Бибихоним мавзолейине чейинки аймакты тазалап жаткандыктары кабарланууда. Шаардык администрациядагы булак гүлзардын жөө адамдар үчүн жабылганын ырастады.
Президент Ислам Каримов мээсине кан куюлуп ооруканада жаткан чакта өлкөнүн аткаруу бийлигиндеги башкы адам катары премьер-министр Шавкат Мирзияев саналууда.