Ссылки доступа

Атамбаев ЖККУ баш катчысы менен терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле 13-14-октябрь күндөрү Ереванда өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына, Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана ЖККУнун коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин жыйындарына карата даярдыктарга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Андан сырткары Атамбаев менен Бордюжа биргелешип эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча пландар жана диний коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мындан аркы кадамдар тууралуу сөз кылышты.

Бордюжа Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен келди. Сапарынын жүрүшүндө ал Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен да жолугушууларды өткөрөт.

3-сентябрда Бордюжа Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына катышат. Ошондой эле салтанаттуу ачылышы бүгүнкүгө белгиленген 1916-жылда курман болгондорго арналган мемориалга барат.

XS
SM
MD
LG