«Өнөктөштөрүбүз менен биргеликте каржы министрлиги Орусия тараптан эл аралык укуктук ченемдердин бузулуп жатканын айыптайт жана биз Украинадагы тынчтык менен туруктуулукка коркунуч жараткандарга карата санкцияларды колдообузду улантабыз», - деп билдирди мекеменин эл аралык активдерди көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Жон Смит.
Документте ошондой эле АКШ Крымда иштеп жаткан бир канча орусиялык компанияны, анын ичинде Орусия менен жарым арал ортосундагы көпүрө курулушуна катышкан «Мостотрест» жана «СГМ-Мост» фирмаларын кара тизмеге киргизгени көрсөтүлгөн. Андан сырткары санкциялар Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү жикчилдердин алты өкүлүнө жана Крымдагы 11 аткаминерге карата киргизилди.