Ссылки доступа

Атамбаев: Путин «Ата-Бейит» мемориалына барат


Орусия президенти Владимир Путин 1916-жылдагы трагедиялуу окуя учурунда курман болгондордун элесине арналган “Ата-Бейит” мемориалына барат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Үркүн учурунда каза болгондордун урматына эстелик ачып жатып билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Орусия президенти Кыргызстанга КМШ мамлекеттеринин башчыларынын мааракелик саммитине катышуу үчүн келет. Иш-чара 15-16-сентябрда Бишкекте өтөт.

Туура 100 жыл мурун орус падышачылыгынын аскерлеринин мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40 пайызга чейин азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага калыс баа берилген эмес.

XS
SM
MD
LG