Ссылки доступа

Беслан курмандыктарынын энелерине айып пул салынды


Бесланда 2004-жылдын 1-3-сентябрындагы кайгылуу окуяны бийлик объективдүү иликтебей жатканына нааразылык билдирип чыккандыгы үчүн кармалгандарга карата айып пул төлөө жана коомдук жумуштарды аткаруу өкүмү чыкты.

Балдары ошол каргашада көз жумган же барымтада болгон энелер кечээ орус президенти Владимир Путинди айыптаган жазуулары бар футболкаларды кийип чыгышкан. Алар 2004-жылдын сентябрында мектептин басылып алынышы менен анын бошотулушунун бардык жагдайларын объективдүү иликтөөнү талап кылышкан.

Аялдар полиция бөлүмү менен сотто жалпысынан 14 сааттан ашык кармалып турушту. Алардын экөөсүнө тартипти бузуу же митинг өткөрүү беренеси боюнча 20 мин рубль айып пул салынды. Калган төртөөнө карата ошол эле берене боюнча 20 саат коомдук жумуштарды аткаруу өкүмү чыгарылды. Бул боюнча алар жогорку баскычка даттануу ниетинде.

2004-жылдын 1-сентябрында террорчулар Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектептин 1200дөн ашуун окуучусун жана мугалимдерди барымтага алышкан. Террордук чабуул жана барымтадагыларды бошотуу учурунда 334 адам өлгөн, анын 186сы балдар. Трагедиянын күнөөкөрлөрү алигиче жазасын алыша элек.

Бесланда бүгүн аза күтүү уланууда.

XS
SM
MD
LG