Ссылки доступа

Өзбекстанда Ислам Каримовго аза күтүү уланууда


Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жекшембиде Самаркандда өттү. Маркумдун сөөгү Шахи-Зинда тарыхый мүрзөсүнө коюлду. Аталган көрүстөнгө Каримовдун ата-энеси жана бир катар коомдук ишмерлер көмүлгөн.

Өзбекстанда 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Мектептерде Ислам Каримовду “Эскерүү сабагы” болууда.

Тажыяга 17 өлкөдөн делегация келди. Арасында Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстандын президенттери, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Грузиянын өкмөт башчылары, Иран, Түштүк Корея өкүлдөрү болушту.

Орусия президенти Владимир Путин иш графиги тыгыз экенине шылтоо кылып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан жок. Орусия делегациясын премьер-министр Дмитрий Медведев жетектеди. Жергиликтүү ММКлардын билдиришинче, Каримовдун үч баласынын экөө (куугунтукта жүргөн кызы Гүлнара жана Лондондо жашаган уулу Петр) тажыяга келген жок. Аза күтүү иш-чарасында анын кенже кызы Лола гана болду.

Мамлекет башчы оорудан улам каза болгону 2-сентябрда кечинде расмий маалымдалган. Ал 27-августта инсульт болуп, ооруканага түшкөн эле.

XS
SM
MD
LG