Ссылки доступа

Бозгундагы тажик полковниги ИМ тобунун аскер башчысы болуп дайындалды


Ирак ММКлардын маалыматы боюнча тажик полковниги  Гулмурод Халимов “Ислам мамлекети” тобунун аскер лидери болуп дайындалды.

Alsumaria.tv порталы 3-сентябрда Ирактын Найнава провинциясындагы коопсуздук органдарындагы булакка таянып, ИМ буга чейин тындым болгон аскер башчысы Абу Умара аш-Шишанинин ордуна бозгунда жүргөн тажик полковниги Гулмурод Халимовду дайындаганын жазды.

Порталдын билдирүүсүнө караганда, ИМ бул дайындоо туурасында расмий билдирүү жасаган эмес. Экстремисттик топ АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөрдүн аба чабуулдарынан сестенген. Себеби ИМдин көптөгөн командирлери абадан жасалган соккулардан улам тындым болушкан.

Мындан бир нече күн мурун АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен, бозгундагы тажик полковнигинин жүргөн жерин айтып бергендерге 3 миллион доллар төлөп берүүгө даяр экенин жарыялаган. Халимов экстремисттик топтун маанилүү фигураларынын бири болуп саналат.

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги аскер көзгө атары болгон. 2003-2004-жылдары америкалык машыгуу борборлорунда терроризмге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөн. Гулмурод Халимов 2014-жылдын апрелинде дайынсыз жоголуп кетип, бир айдан кийин Сирияда ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG