Ссылки доступа

Астана: «химиялык кастрация» 2018-жылдан тарта киргизилет


Казакстанда жашы жете электерди зордуктоого айыпталып соттолгондорду химиялык кастрациялоо ыкмасы 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул соттун чечими менен гана жүзөгө ашып, сексуалдык каалоосун басаңдатуучу атайын инъекция сайылат.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, акыркы беш жылда өспүрүмдөрдү жана жаш балдарды зордуктагандар түрмөгө гана кесилип келген. Бул жылы жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары 148ден 75ке чейин төмөндөп, дээрлик эки эсе кыскарган. Бирок, ага карабай, кырдаал оор бойдон сакталууда.

Көзөмөл органдын маалыматы боюнча жаш балдарды зордуктоого айыпталып, 26 киши 6 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Өспүрүмдөргө карата ушундай эле кылмыш жасаган дагы 46 киши түрмөгө кесилди. Соттолгондордун арасында жашы жете электер дагы бар, аларга 10 жылдан төмөнкү жаза мөөнөтү берилди.

Казакстан бийлиги быйыл майда жашы жете электерге карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүп соттолгондордун тек-жайын камтыган онлайн-базаны жарыялаган. “Бачабаздардын картасында” жаш балдарды зордуктаганы үчүн жоопкерчиликке тартылгандар туурасында бардык маалыматтар көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG